Биз менен байланышыңыз

Европа Украинадан дипломаттарын алып чыгып кетүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2022 | 262 | 0

Улуу Британия Орусиянын басып алуу коркунучунан улам Украинадан дипломат жана алардын үй-бүлөлөрүн чыгара баштады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, дипломатиялык кызматкерлердин жарымы жана алардын үй-бүлөлөрү жакын арада Киевден кетишет. Ал эми Британ консулдугу адаттагыдай эле ишин улантат.

Австралиянын өкмөтү да дипломаттарынын үй-бүлөлөрүн мекенине кайтарып, өз жарандарына Украинадан чыгып кетүүгө жана аймакка туристтик сапарларды пландаштырбоого кеңешин берип жатканын The Sydney Morning Herald сайты кабарлады.

Евробиримдик өз жарандарын Украинадан алып чыгып кетүү планы жок экенин жана дипломат Жозеп Боррелл муну «драмалаштырууга» жарабай турганын билдирди.

«Сүйлөшүүлөр уланып жатат. Андыктан биз Украинадан кетпешибиз керек деп ойлойм», — деди ал.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги дагы өз жарандарына жана дипломаттарынын үй-бүлөлөрүнө эгер кааласа Украинадан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн билдиргенин РИА Новости маалымат агенттиги  маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM