Биз менен байланышыңыз

Грецияда кар жаап, тургундары жарыксыз, интернетсиз калды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2022 | 247 | 0

Грециянын борбору Афинада кар калыңдап кеткенине байланыштуу шаардын айрым райондоруна кайрадан демалыш жарыяланды. Бул тууралуу «MIR-24» жазды.

Афинада кечээтен бери калың карга байланыштуу коомдук унаалар жүрбөй турат. Учурда үч миңдей унаа жолдо калды. Поезд каттамдары убактылуу токтотулду.

Жол боюндагы дарактар карды көтөрө албай кулап, электр зымдары үзүлүп түштү. Мындан улам калаа тургундары жарыксыз, интернет байланышсыз калды.

Мындай кыйын кырдаалга карабастан, калаа эли аба ырайына, кардын жааганына кубанып жатышканын «МИР-24түн» аймактагы кабарчысы маалымдады.

Грециянын бийлиги темир жолдо жүрө албай калган поезддердин жүргүнчүлөрүнүн ар бирине 1000 евродон кенемте төлөп берүү убадасын беришти.

Эске сала кетсек, Түркияда да калың кар жаап, аба каттамдар токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM