Биз менен байланышыңыз

Нурсултан Назарбаев кайрылуу жасады (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 1015 | 0

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кайрылуусун маалымат катчысы таратты.

Назарбаев 2022-жылы уюшкан экстремисттик топтор чабуул жасаганын, мындан тынч жаткан эл, өлкө жабыр тартканын айтты.

Өлкөнүн президенти Касым Жомарт Токеаевдин чукул чараларынын натыйжасында тынчтык орнотулганын жана аны колдоо керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары Назарбаев 2019-жылы президенттин ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенин, ошондон бери пенсияда экенин билдирип, учурда өлкөнүн борборунда жүргөнүн, эч жакка кетпегенин маалымдады.

«Январь айындагы окуялардын максаты өлкөнүн бүтүндүгүн бузуу экенин көрсөттү. Өлкөнүн көз карандысыздыгын сактоо канчалык маанилүү экенин көрдүк. Эми бул тополоңдорду ким уюштурганын аныктоо керек. Тергөө органдары бул суроолорго жооп берет. Бардык көз жумгандардын жакындарына көңүл айтам. Мен 2019-жылы президенттин ыйгарым укуктарын Касым Жомарт Токаевге өткөрүп бергем, ошондон бери пенсиядамын», — деди Назарбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM