Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кытай өндүрүшүнөн чыккан товарлардын көргөзмөсү өттү

Кыска кабар , Экономика | 24 Янв 2022 | 797 | 0

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз-кытай дипломатиялык мамилесинин 30 жылдыгына карата өнөр жай товарларынын эл аралык көргөзмөсү өттү.

Көргөзмө Инвестициялар министрлигинин колдоосу менен Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Адистер Кыргызстандын базарында Кытайдан келген товардын үлүшү чоң экенин айтышат. Айта кетсек, дипломатиялык кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагында өлкөдө көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Көргөзмөгө өнөр жай жана медицина жабдуулары, курулуш материалдары, турмуш-тиричилик техникасы, эмерек, азык-түлүк, унаа тетиктери, оюнчуктар, дагы башка көптөгөн буюм-тайымдар коюлду.

Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык ассоциациясынын президенти Ли Чуанцзюндун айтымында, бул иш-чара Кыргызстан-Кытай кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн гана эмес, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн да маанилүү.

«Кытай-кыргыз мамилеси соода жаатында болобу, билим берүү тармагында болобу, буга чейин деле тыгыз байланышта болуп келген. Пандемия себеп болуп, соода тармагы бир аз солгундап калган эле. Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдө да экономикалык абал начар болуп, артка кетти. Көргөзмө негизинен кыргыз-кытай соода тармагын жандантуу, экономикалык абалды көтөрүү максатын көздөйт. Кыркка жакын компаниянын товарлары келген. Экономика жана соода тармагында Кыргызстан биздин негизги өнөктөшүбүз болуп саналат».

Инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов 2021-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 1,3 миллиард долларга жеткенин айткан. Анын ичинде экспорт 58,7 миллион долларды, импорт 1,2 миллиард долларды түзгөн.

Кошумчалай кетсек, эртең, 25-январда президент Садыр Жапаров дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азиянын жана Кытайдын мамлекет башчыларынын жамааттык онлайн жолугушуусуна катышат.

5-январда Кыргызстан менен Кытайдын мамилесинин 30 жылдыгы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу белгиленип, мааракелик жылдын алкагында өтө турган иш-чаралар старт алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM