Connect with us

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту 30,4% өстү

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2022 | 361 | 0

Кыргызстандын  ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрына карата 2,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

2020-жылдын январь-ноябрына салыштырганда 31,4 пайызга өскөн. Экспорттук жөнөтүүлөр 30,4 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 31,7 пайызга жогоруланган. Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү январь-августта Орусияга 65,5 пайыз жана Казакстанга 32,0 пайыз туура келген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM