Биз менен байланышыңыз

Казакстан бийлиги жапа чеккен ишкерлерге жардам берет

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2022 | 924 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө чукул тапшырмаларды берди. Анын негизгиси башаламандыкта ишкерлер тарткан зыяндын суммасын баалоо үчүн комиссия түзүлөрү айтылды.

Чечимден белгилүү болгондой, жабыр тарткан ишкерлерге мамлекет колдоо көрсөтөт. Бүгүнкү күндө зыяндын так суммасы белгисиз. Чыгым болжолдо 102 млн доллардан ашышы ыктымал. Бул тууралуу Улуттук ишкерлер палатасы билдиргенин «Хабар-24» телеканалы айтты.

Палатанын өкүлдөрү талап-тоноо боюнча 300дөн ашык арыз түшкөнүн маалымдашкан. Казакстандын бийлиги башаламандыктан жапа чеккен чакан жана орто бизнестерге сөзсүз түрдө жардам берүүнү убада кылууда.

Кошумчалай кетсек, 2-январда Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу митинг башталып, аягы башаламандык менен уланган. Бийлик жаңжалды басуу үчүн суюлтулган газдын баасын эки эсе арзандатып берген. Бирок буга карабастан, башаламандык токтобой, бүткүл өлкөнү кучагына алган. Кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сураган. Учурда уюмга мүчө мамлекеттердин аскерлери тартипти орнотуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM