Биз менен байланышыңыз

 Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны жабык эшик артында уланмай болду

Кыска кабар | 7 Янв 2022 | 357 | 0

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны жабык эшик артында уланмай болду. Бул чечим жыйынга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен кабыл алынды.

Буга чейин жыйын учурунда Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жабык кароону сунуштаган.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 7-январда кезексиз жыйынга чогулуп, коңшу Казакстанга аскер жөнөтүү маселесин талкуулап жатышат, каттоодон 56 эл өкүлү өткөнү кабарлаган.

Жыйында маалымат берген УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Казакстанга 150 аскер кызматкерин, 8 бронетехника, 11 автотехника жөнөтүүнү көздөп жатышканын айткан.

Ошондой эле Ташиевдин айтымында, ЖККУнун башка өлкөлөрү:

  • Армения — 100-300гө аскер,
  • Орусия — 1400 аскер,
  • Беларусь — 300 аскер,
  • Тажикстан — 100-200гө чейин аскер кызматкерин жөнөтөт.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Бара-бара ал өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM