Биз менен байланышыңыз

Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болгондор бүгүн да митингге чыгышты

Кыска кабар | 7 Янв 2022 | 369 | 0

Бишкек шаарындагы Ак үйдүн алдында бүгүн, 7-январда да жарандар чогулду. Алар Кыргызстандын аскер кызматкерлерин Казакстанга ЖККУнун тынчтык күчтөрүнүн катарында жөнөтүүгө каршы болуп жатышат. Кечээ, 6-январда да митинг өткөн.

Учурда болжол менен 30 чакты адам Жогорку Кеңештин депутаттарын кыргыз аскерлерин жөнөтүү маселесин колдоого албоого чакырууда. Жогорку Кеңеш бүгүн, 7-январда кезексиз жыйынга чогулат. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу саат 10:00гө белгиленген. Эл өкүлдөрү коңшу Казакстандагы кырдаалды, анын ичинде Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин талкуулашат. 6-январда кворум жоктугуна байланыштуу Жогорку Кеңештин жыйыны өтпөй калган.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров маалымат жыйында, мамлекет башчынын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун чечимине ылайык, Кыргызстан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу Казакстанга колдон келген колдоо көрсөтүүгө жана ЖККУ алкагындагы өзүнүн союздук милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде аткарууга даяр экендигин билдирген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM