Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан казак тараптын демилгеси менен Чүйдөгү эки чек ара өткөрүү жайын жапты

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2022 | 375 | 0

Кыргызстан Чүйдөгү кыргыз-казак чек арасындагы «Кең-Булун авто жол» жана «Токмок-авто жол» өткөрүү жайларынан жарандарды жана транспортторду өткөрүүнү 7-январдан тарта убактылуу токтотту. Мындай чечим, Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей жаткандыгына байланыштуу коңшу өлкөнүн демилгеси менен кабыл алынган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында кырдаал 7-январь саат 09:00гө карата туруктуу. Мамлекеттик чек ара аймагындагы калган өткөрүү жайлары:

Чүй облусунда «Ак-Тилек-авто жол», «Ак-Жол-авто жол», «Чалдыбар-авто жол» өткөрүү жайлары;
Талас облусунда «Чоң-Капка-авто жол» жана Ысык-Көл облусунда «Каркыра-авто жол» өткөрүү жайлары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен штаттык режимде иштеп жатышат.
УКМК өткөрүү жайларда жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалбаганын билдирди.

Кыргызстан буга чейин казак жарандарынан чек арадан өтүүдө ПЧР-тест талап кылбай турганын кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM