Биз менен байланышыңыз

Армения Казакстанга 70ке чукул аскер жөнөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 466 | 0

Армения Казакстанга 70тей аскер жөнөттү. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.

Армения аскерлери Жамааттык бейпилдик күчтөрүнүн курамында стратегиялык мааниси бар имараттарды кайтарууга катышары маалымдалды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматыдагы кырдаалды «чет өлкөдөн даярданып келген атайын топтордун террордук акты» деп атап, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жардам сурап кайрылган. Буга байланыштуу ЖККУ Казакстанга аскер кийире турганын расмий жарыялаган.

Социалдык тармактарда Токаевдин сырттан жардам сураганын сынга алып, чет өлкөлүк аскерлердин кирише каршы пикирлерин жазып жатышат.

ЖККУга Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчөлүк кылат.

6-январда Алматы шаардык полиция департаменти ондогон киши каза болгонун билдирди. Өлкөдө интернет байланыш жок болгондуктан, акыркы окуялар тууралуу маалымат алуу бир топ кыйынчылыктарды жаратууда.

Казакстан президентинин өзгөчө абал жарыялаганына карабастан, 5-январь күнү Алматыда башаламандык болуп, белгисиз топ акимчиликти жана аэропортту басып алган. Өлкөдө 17:00дөн 24:00гө чейин интернет өчүрүлгөн. Байланыш калыбына келгенден кийин шаардагы ондогон дүкөн жана банк тонолгону белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM