Биз менен байланышыңыз

Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болгондор митингге чыгышты

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 374 | 0

Бишкекте жарандык активисттер ЖККУнун Казакстанда тынчтык орнотуучу күчтөрүн колдонуу чечимине нааразылык билдирип, Ак үйдүн алдына чогулушту. Алар Жогорку Кеңештин шашылыш жыйынына чогулуп жаткан депутаттардан кыргыз жоокерлерин Казакстанга жөнөтпөөнү суранышууда.

“Биз каршылык көрсөтүү, депутаттардын пикирине таасир этүү максатында кокустан эле чогулдук. ЖККУнун чечимине каршыбыз, анткени уюмдун күчтөрү тышкы агрессия болгон учурда гана колдонулушу мүмкүн. Казакстанда болуп жаткан окуялар ички процесстер. Биз Кыргызстан жана башка ЖККУ өлкөлөрүнүн кийлигишүүсүнүн кажети жок деп эсептейбиз”, — деди Клара Сооронкулова.

Акылбек Жапаров маалымат жыйында, мамлекет башчынын жана Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун чечимине ылайык, Кыргызстан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу Казакстанга колдон келген колдоо көрсөтүүгө жана ЖККУ алкагындагы өзүнүн союздук милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде аткарууга даяр экендигин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM