Биз менен байланышыңыз

АКШ Казакстандагы кырдаалга байкоо салып жатканын айтып, сабырдуулукка чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 435 | 0

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки АКШнын Казакстандагы башаламандыктарга катыштыгы бар деген айыптоолорду «толугу менен жалган» деп атады.

АКШ Казакстан бийлигин сабырдуулукка, ал эми нааразылыкка чыккан элди өз талаптарын тынчтык жолу менен билдирүүгө чакырды. Мындай билдирүүсүн Жен Псаки 5-январда жарыялады.

Токаев өлкөдө болуп жаткан акыркы окуяларды сырткы агрессия деп атаган. Анын айтуусуна караганда, кеп мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч жаратып, жарандарга кол салуу жөнүндө болуп жатат.

Казакстандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатканына төрт күн болду. Митингдер алгач суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM