Биз менен байланышыңыз

Нааразылык учурунда Казакстанда сегиз полиция кызматкери каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 486 | 0

Нааразылык учурунда Казакстанда сегиз полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу tengrinews.kz сайты өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып кабарлады.

Президент Касым-Жомарт Токаев да акциялар учурунда күч кызматтарынын арасында жоготуулар болгонун маалымдаган. Соңку маалыматтарда дагы 300дөй кызматкер жаракат алганы айтылды.

Ал эми жарандар арасында да курмандыктар бар экени айтылууда, бирок алар боюнча расмий маалымат бериле элек. Ошол эле учурда Казакстандын бардык аймагына өзгөчө абал киргизилгени боюнча Казакстандын ЖМКлары билдирүүдө.
Буга чейин өзгөчө абал Мангыстау, Алматы, Нур-Султан шаарларында киргизилген болчу.

2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM