Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эң улгайган адам 119 жашка чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Янв 2022 | 596 | 0

2019-жылдын март айында Гиннесстин рекорддор китебинин «дүйнөдөгү эң кары адам» наамына ээ болгон жапониялык Танака 2-январда 119 жашка толду.

Фукуока штатынын түштүк-батышындагы карылар үйүндө жашаган Танака карылар үйүнүн кызматкерлери менен мимикасы аркылуу сүйлөшкөн.

Сандык табышмактарды чечкен Танака шоколадды жана газдалган суусундуктарды жакшы көрөөрү айтылат.

9 бир туугандын 7-си болуп 1903-жылы 2-январда жарык дүйнөгө келген Танака, 19 жашында баш кошкон жолдошу жана уулу 1937-жылы болгон Экинчи Кытай-Япон согушуна фронтко жөнөтүлгөн.

«Заманбап Япония» деп аталган 1867-жылдан кийинки мезгилдеги 4 императордун «Мейдзи», «Тайшо», «Шоуа» жана «Хейсэй» доорлорун башынан өткөргөн Танака азыркы император Нарухитонун «Рейва» доорун башынан кечирүүдө.

Танакага чейин дүйнөнүн эң улгайган адамы болуп 2018-жылы июлда 117 жашында каза болгон жапониялык Чио Мияко саналган.

Гиннесстин рекорддор китебине ылайык, дүйнөдөгү эң узак жашаган француз айымы Жанна Луиза Калмент 1997-жылы 122 жашында каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM