Биз менен байланышыңыз

Казакстанда газдын баасына байланыштуу чыккан митинг уланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Янв 2022 | 630 | 0

Казакстандын батышындагы Мангистау облусунда суюлтулган газдын кымбатташына каршы митингдер уланып жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Митингчилердин айтымында, 1-январдан тарта газдын бир литринин баасы 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Тургундар аны 50-60 теңгеге түшүрүүнү талап кылышууда.

Облустун административдик борбору Актауда акимчиликтин алдындагы аянтка чогулгандар «Газ 50» деп ураан чакырып, көгүлтүр отундун баасын литрине 50 теңгеге түшүрүүнү талап кылышууда. Алар жолдорду тосуп, аймактагы каттамдарга тоскоолдук жаратышканы айтылат. Тынчтыкты камсыз кылуу үчүн укук коргоо кызматкерлери тартылган.

Жергиликтүү басылмалар билдирген маалыматка ылайык, ушундай эле акциялар облустун Жаңы-Өзөн, Курык, Акшүкүр жана башка калктуу конуштарында да жүрүп жатат. Айрым жумушчулар газдын баасына байланыштуу иш таштай турганын да жарыялашкан. Айрым конуштарда интернетке кирүү да маселе жаратып жатканы маалымдалган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Твиттердеги баракчасына билдирүү жазып, Жаңы-Өзөндөгү кырдаалды тез аранын ичинде укуктук талаада карап чыгууну өкмөткө тапшырганын айтты. Анда:  “Жарандар жергиликтүү жана борбордук бийлик органдарына өз талаптарын ачык айтууга укуктуу, бирок бул мыйзамга, атап айтканда, «тынч чогулуштар жөнүндөгү» мыйзамга ылайык жасалышы керек”, — деген Токаев.

11 жыл мурун Жаңы-Өзөндө эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылган жумушчулардын көп айлык иш таштоосу болгон. 2011-жылдын 16-декабрында полиция тургундарга ок чыгарып, митингдин катышуучулары жарадар болушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM