Биз менен байланышыңыз

«Талибан» кыймылы 3 миң литр спиртти дарыяга төктүрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Янв 2022 | 1055 | 0

Ооганстанды басып алган «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү үч миң литрден ашуун спиртти Кабулдагы дарыяга төгүп жиберишти. Бул тууралуу The Guardian басылмасы өлкөнүн Башкы чалгындоо башкармалыгына таянып жазды.

Маалым болгондой, спирт ичимдиктерин сатып жаткан үч адам кармалган. Чалгын кызматкерлери тараткан кадрларда, колдору кишенделген үч киши автоматтар менен куралданган талиптердин курчоосунда көк челектердеги суюктукту сууга төгүшкөн. Колдору кишенделген адамдардын бири: «мусулмандар спирт ичимдиктерин өндүрүүдөн жана сатуудан алыс болушу керек», — деген.

Ооганстанда алкоголдук ичимдиктерди сатууга жана колдонууга «Талибан» бийликке келгенге чейин эле тыюу салынган.  Эми исламчыл кыймыл алкоголдук ичимдиктерди жайылтууга ого бетер катуу каршы чыгып жатканы айтылат.

Буга чейин талиптер дүкөндөрдөгү манекендердин башын кесүүгө буйрук бергени кабарланган. Алар баштуу фигураларды исламда тыюу салынганын билдирип, дүкөндөрдүн ээлерин дагы баш жок манекендерди гана колдонууга уруксат беришкен. Бул шартты аткарбаган ишкерлер жазага тартылаары да маалымдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM