Биз менен байланышыңыз

«Өзөктүк куралдын» лидерлери ядролук согушка каршы биргелешкен билдирүү жарыялашты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Янв 2022 | 265 | 0

Орусия, Улуу Британия, Кытай, АКШ жана Франция лидерлери «ядролук согушту жана жарыша куралданууну болтурбоо жөнүндө» деп аталган биргелешкен билдирүүнү жарыялашты. Ал билдирүү 3-январь күнү Кремлдин сайтына жарыяланды.

«Кытай, Орусия, Улуу Британия, Америка Кошмо Штаттары жана Франция өзөктүк куралы бар мамлекеттердин ортосундагы согушту болтурбоо жана стратегиялык тобокелдиктерди азайтууну өздөрүнүн негизги милдети деп эсептешет. Биз өзөктүк согушта жеңүүчү боло албайбыз жана аны эч качан колдонбошубуз керек. Биз ар бирибиз өзөктүк куралды уруксатсыз же атайылап колдонууга жол бербөө боюнча, улуттук чараларды сактоого болгон күч аракетибизди жумшайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Орусия, Кытай, АКШ, Британия жана Франция өзөктүк куралы бири-бирине же үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбаганын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM