Биз менен байланышыңыз

Ирандагы сел ташкынынан 4 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Янв 2022 | 284 | 0

Ирандын түштүгүндө 1-январдан бери нөшөрлөгөн жаан сел кырсыгына себеп болуп, андан 4 адам каза болуп, 7 киши оор жаракат алды. Бул тууралуу  Ирандын чукул жардам агенттигине таянып, маалымат булактары жазды.

Өлкөнүн түштүгүндөгү көптөгөн аймактардын сел жана катуу бороондон улам Түштүк Фарс, Түштүк Керман, Хормузган, Батыш Систан жана Белужистан шаарлары жабыркаган. Учурда бардык жардам топтору тартылып, аймактын элине жардам берилип жатканы кабарланды.

Фарс провинциясынын Дараб районундагы Өрт өчүрүү кызматынын директору Мужахид Дебистани, суу ташкынынан улам үйүн каптап кеткен 50 жаштагы аял каза болгонун, ошондой эле, ошол эле провинциянын Мехр районунда унаанын ичиндеги 4 кишинин суу астында калганын жана анын бири каза болгонун маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM