Биз менен байланышыңыз

Ысык суу менен жылытуунун тарифи көтөрүлөт

Кыска кабар | 3 Янв 2022 | 658 | 1

Кыргызстанда ысык суу менен жылытуунун тарифи жыл сайын 10%га көтөрүлөт. Тарифтерди көтөрүү 2022-жылдан тартып башталат. Бул тууралуу өкмөттүн чечими 2021-жылдын октябрь айында чыккан.

Орточо эсеп менен 1 бөлмөлүү батирди жылытуу үчүн төлөмдүн айырмасы айына болжол менен 82 сомду же жылытуу мезгилине 410 сомду түзөт.

Келерки жылдан тарта калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер 14%га жогорулайт. Орто эсеп менен бир кишиге ысык суу үчүн төлөмдүн айырмасы айына м3/34,5 сомду түзөт. Бул бир нече жылдан кийин ысык суу менен камсыздоонун наркына жетүүгө мүмкүндүк берет, натыйжада, жылуулук тармактарын алмаштырууну жана реконструкциялоону, жылуулук пункттарын модернизациялоону, жаңы абоненттердин кошулуусун камсыздайт.

Ал эми ысык сууга болгон тариф, тарифтик сеткага ылайык, жылына 14.1%га чейин 2025-жылга дейре жогорулайт. Өнөр жай үчүн тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша көтөрүлөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: Кыргызстанда ысык суу менен жылытуунун тарифи жыл сайын 10%га көтөрүлөт

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM