Биз менен байланышыңыз

Японияда бойдоктор үчүн жаңы программа кабыл алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Дек 2021 | 333 | 0

Япония өкмөтү жарандардын жалгыздыгы менен күрөшүү программасын кабыл алды. Ага карата бойдоктор бири-бири менен баарлаша турган аянтчаларды түзүү пландалып жатканын NHK порталы жазды.

Декабрь айынын башында жапон өкмөтү тарабынан түгөйсүз жандар боюнча министрликтин алдында кызмат түзүлгөн. Аны азыркы учурда аз төрөлүү көйгөйү боюнча министр Сейко Нода ээлейт. Жалгыздыктын адамга тийгизген таасирин иликтөө жана ага байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн буга чейин атайын топ да иш алып барган.

Өткөн жылы Японияда 20 миң 919 ашуун адам өз жанын кыйган.  Бул 2019-жылга салыштырмалуу 750гө көп. Өкмөт өз жанын кыйгандардын көбү жалгыздык менен тыгыз байланыштырат. Өзүнө кол салгандардын саны Жапонияда 2020-жылы кескин көбөйгөн. Өз жанын кыйгандардын саны он жыл катары менен азайып барып, бирок пандемиянын чыгышы бул оң тенденцияны үзгүлтүккө учураткан.

2018-жылы Улуу Британияда да жалгыз жандардын министрлиги түзүлгөн. Мындай кызмат өлкөдө жалгыз бой адамдар көп болгондуктан киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM