Биз менен байланышыңыз

Грузияда эмдөөдөн өткөн карыларга кошумча акча берилет

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Дек 2021 | 383 | 0

Грузияда 1-январдан тарта Covid-19 вакцинасынын биринчи дозасын алган 50 жаштан ашкан адамдарга 200 лари (5400 сом) төлөнөрүн Sputnik маалымат агенттигинин грузин кызматы жазды.

Маалым болгондой, программа январдын аягына чейин уланат. Вакцинанын экинчи же кошумча дозасы үчүн сый акы жок.

Мекемелер аралык координациялык оперативдүү штабынын жетекчиси Гиорги Гибрадзе: «Январь айында программа уланат, анда 50 жаштан ашкан адамдарга эмдөө үчүн 200 лари өлчөмүндө акчалай демөөр каралган», — деди.

Программа 8-ноябрда ишке кирген. Ал калк арасында эмдөө алгандардын санын көбөйтүү максатында ишке киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM