Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан жаш балдары бар үй-бүлөлөрдүн өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Дек 2021 | 662 | 0

Түркмөнстандын президенти жаңы жарлык кабыл алды. Ага ылайык, 2022-жылдан тарта жашаялмет үй-бүлөлөрдүн чет өлкөгө кетүүсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди.

«2022-жылдан тарта жаш балдары бар жарандардын чет өлкөгө иштөө үчүн кетүүсүнө да, туризмге чыгуусуна да тыюу салынат.  Миграция кызматына тиешелүү буйрук келди. Пандемия 2023-жылы же 2024-жылы аяктап, эл аралык саякат кайра жанданса да, жаңы чектөөлөр киргизилип, өлкөнүн сыртына чыгуу кыйындайт», — деп билдирген Миграция кызматы.

Учурда өлкөдө коронавирус пандемиясынан улам эл аралык саякатка чектөө киргизилген. «Азаттыктын» маалыматына караганда, бул чаралар эпидемия аяктагандан кийин да күчүндө кала берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM