Биз менен байланышыңыз

Путин менен Байден телефон аркылуу сүйлөшүштү

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Дек 2021 | 233 | 0

Орусия жана АКШнын президенттери Владимир Путин менен Жо Байден жума күнүнө караган түнү телефон аркылуу сүйлөштү. Алардын сүйлөшүүсү  50 мүнөткө созулуп, коопсуздук боюнча өз пикирлерин ортого салышты.

Маалым болгондой, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты 7-декабрдагы видеоконференцияда Орусиянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн берилген кепилдиктерди ишке ашыруу болгон.

АКШ президенти Жо Байден  өз сөзүндө Европада жана бүтүндөй дүйнөдө туруктуулукту камсыз кылууда эки өлкөнүн жоопкерчилиги өзгөчө экенин баса белгиледи. Андан тышкары АКШ лидери Вашингтондун Украинанын  аймагына чабуул жасоочу куралды жайгаштыруу ниети жок экенин билдирген.

Ал арада БУУ уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы диалогду кубаттаарын жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM