Биз менен байланышыңыз

Түндүк Корея лидеринин сүрөтү элинин жүрөгүн оорутту

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Дек 2021 | 305 | 0

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын башкаруучу партиянын жыйынында жаңы жылдык саясатын жарыялоо үчүн трибунага чыккан. Анткен менен көпчүлүктүн көңүлү лидердин сөзүнө эмес, сырткы келбетине бурулду. Анда 37 жаштагы лидер өңүнөн азып калгандай көрүнгөн.

Түндүк Корея ушу тапта тамак-аш тартыштыгы, пандемия, өзөктүк курал программасына киргизилген санкциялардан жана табигый кырсыктардан келип чыккан татаал экономикалык кризистер менен күрөшүп жатат. Мамлекеттик телеканал Кимдин мындай арык абалындагы сүрөтү катаал шартта жашап жаткан Түндүк Корея элинин жүрөгүн оорутканын кабарлады.

Ким Чен Ындын абалы ден соолугунда көйгөйлөр бар экени тууралуу корей коомун түкшүмөлгө алып келди.  Өкмөт өкүлдөрү да Кимдин ден соолугу начар экенин ырастап, лидер «өз өлкөсү үчүн» аз тамактанып жатканын билдиришти.

Аналитиктер Ким Чен Ындын ашыкча салмактан арылуусу анын азык-түлүк жетишсиздиги учурунда «өлкөгө жардам берүү үчүн азыраак жегиле» деген чакырыгынын башталышы болушу мүмкүндүгүн айтышат. «Азыраак жегиле» деген чакырыкты ал биринчи аткарып, жарандардын нааразычылыгын алдын алууда.

Өткөн жылы Түндүк Корея катуу суу ташкынынан жапа чеккен. Анын кесепетинен айдоо жерлер зыянга учурап, жүздөгөн үй-бүлө үй-жайсыз калган. Быйыл да кургакчылыктан жана андан кийинки суу ташкынынан дан-эгин зыян тарткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM