Биз менен байланышыңыз

Фараон Аменхотеп Iнин табыты санарип түрдө ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 426 | 0

Египеттик окумуштуулар үч өлчөмдүү компьютердик томографиянын  жардамы менен 3500 жылдык мумияны ачып, анын ичиндегилерди изилдешти. Бул тууралуу «Frontiers in Medicine» журналы жарыялады.

Каир университетинин медицина факультетинин радиология кафедрасынын профессору Сахар Салимдин билдирүүсүндө, мумия санариптик түрдө анын ички катмарлары: бет кабы, дакиси жана мумиянын өзү ачылган. Окумуштуу бул фараонду майда-чүйдөсүнө чейин изилдей алганын айткан.

«Frontiers in Medicine» журналына жарыяланган изилдөөдө фараон Аменхотеп I каза болгондо болжол менен 35 жашта жана бою 169 сантиметр болгон. Ошондой эле фараондун сүннөткө отургузулганы жана тиштери бүтүн бойдон экени аныкталган. Ороолордун ичинен 30га жакын тумар жана уникалдуу алтын кур да табылган. Анда фараондун чапжаак, куш мурун, тармал чач, орсок тиш экени айтылат. Маркумдан жаракат же сөөгүнүн бузулуп кетүүсү, оору-сыркоо табылган эмес.

Аменхотеп I биздин заманга чейин 1525-1504-жылдары Египетти 21 жылдай башкарган. Ал 18-династиянын экинчи фараону болгон жана көптөгөн ибадатканаларды куруп, тынч бийлик жүргүзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM