Биз менен байланышыңыз

АКШга жеткирилген 1450 ооган бала үй бүлөсүнөн ажыраган

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 264 | 0

Ооганстандан АКШга көчүрүлгөндөрдүн ичинен 1450гө жакын бала үй-бүлөсүнөн ажырап калган. Бул тууралуу АКШнын Саламаттыкты сактоо жана калкты тейлөө агенттиги билдирди.

Былтыр августта талибандар Ооганстанды басып алгандан соң, 100 миңден ашуун ооган жараны АКШга эвакуацияланган.

АКШнын Саламаттыкты сактоо жана калкты тейлөө департаментинин маалыматына ылайык, өлкөгө болжол менен 1450 бала үй бүлөсү жок келген.

Алар үй-бүлөлөрү менен бирге боло алабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, эвакуацияланган балдардын айрымдары АКШда демөөрчүлөр жана башка туугандары менен жашап, 250дөй бала дагы эле өкмөттүн карамагында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM