Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы 4-орун алды

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 361 | 0

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Борбордук зонанын командалары арасындагы Азия чемпионатында 4-орунду ээледи.

Турнир Дакка шаарында (Бангладеш) 6 команданын катышуусунда өтүп жатат.

Тайпалык баскычта командалар бир тур менен ойношту. Кыргызстандын курама командасы Бангладеш менен Мальдив аралдарынын курама командаларын экиден жеңип, Өзбекстан, Непал жана Шри-Ланканын курама командаларына утулуп калды.

Кыргыз курамасы тайпалык баскычта 4-орунду ээлеп, коло байге үчүн беттеште Шри-Ланканын курама командасы менен ойноо укугуна ээ болгон.

Биринчи оюнда кыргызстандык кыз-келиндер 18:12 эсебинде алдыга чыгып, бирок 24:26 эсебинде утулуп, жеңишке ээ боло албай калды. Ал эми Шри-Ланкадан келген атаандаштар дагы эки оюнда жеңишке жетип, коло медалга ээ болушту.

Ошентип, Кыргызстандын курама командасы финалдык 4-орунду ээледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM