Connect with us

Чүйдө милиция кызматкерине кол салуу болду

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 202 | 0

Сокулук районунун Романовка айылында белгисиз адам Бишкектеги Ленин районунун күзөт кызматкерине кол салган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштеринин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 27-декабрга караган түнү болгон.

Улук сержант Н.Т. уктап жаткан маалда үйүнө бир киши кирип келип, жүзүнө, курсагына бычак сайган. Кол салган адамды милиционердин жакындары кармаган.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, абалы оор. Кылмышка шектүү 50 жаштагы С.П.нын мындай аракетке эмне себептен барганы азырынча белгисиз.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM