Биз менен байланышыңыз

Баткен: Лейлек районунда 1,5 млн сомдук аткез товар кармалды

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 235 | 0

Бүгүн, 28-декабрда Лейлек районунда мыйзамсыз товарларды алып өтүп бара жаткан адамдар кармалды. Бул туралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек районунун Борбордук айылына кире беришинен 1998-жылы туулган Э.К., 1985-жылы туулган А.О., 1985-жылы туулган У.А. жана 1985-жылы туулган Ж.Э. айдап бараткан 4 Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Айдоочулар Кыргызстандан Тажикстанга 3200 кг таттуу-тамек, 3300 кг өсүмдүк майын тиешелүү документтери жок мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан.

Кармалган товардын жалпы баасы 1 миллион 537 миң сомдон ашыкты түзгөн.

Протоколдор түзүлүп, кармалган айдоочулар жана жүктөр тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM