Connect with us

Оштогу психиатрия жана наркология борборлору бириктирилди

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 308 | 0

Оштогу психиатрия жана наркология борборлору бириктирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында борборлордун жамааты менен жолугуп, эки мекемени бириктирген буйрукту тааныштырган. Эми алар Ош облустук психиатрия жана наркология борборуна бириктирилет.

«Биригүү кызматкерлер үчүн терс кесепеттерге алып келбейт. Бардык дарыгерлер, медайымдар жана тартип сакчылары ишин уланта беришет. Албетте, жумуш ордун кыскартуу административдик жана башкаруучу кадрларга таасирин тийгизет, бирок аларга компенсация төлөнөт», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Ошондой эле жыйында керебеттин саны кыскарбай турганы айтылды. Психиатриялык оорулуулар үчүн 170, баңгилер үчүн 50 орун сакталат.

Эскерте кетсек, декабрь айынын ортосунда Республикалык наркология жана психиатрия борборлору бириккени белгилүү болгон. Ал эми дарыгерлер борборлорду бириктирүүгө каршы чыгышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM