Биз менен байланышыңыз

Сүт өндүрүү тармагы мамлекеттин колдоосуна муктаж

Экономика | 27 Дек 2021 | 1165 | 0

Бүгүн, 27-декабрда Кыргызстандагы сүт өндүрүүчүлөр, аны кайра иштетүүчүлөр менен  атайын жыйын өттү. Анда сүт өндүрүүчүлөрдүн абалын жеңилдетүү шарттары каралып, Айыл чарба министрлиги фермерлерге лизинг бере турганы кабарланды.

Сүт сектору — Кыргызстандагы ар бир айыл, үй-бүлө үчүн киреше булагы. Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 1 млн 725 миң уй бар. Анын ичинен 900 миңге жакыны гана сүт багытында, 30 миңге жакыны гана асыл тукум малдар.

Сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясы Кыргызстанда сүт багытында иштеген фермерлерге багыт көрсөтүп, бизнеске тартууну максат кылат. Бирикменин жетекчиси Темирбек Ажыкулов сүт өндүрүүчүлөрдү эмне максатта чогултканын айтты.

«Жыйында жалпы Кыргызстандагы сүт багытында иш алып барган, экономикага активдүү катышкан фермерлерди, экинчиден, мал чарбасындагы фермер дегенде, сүтүн саткан фермерлерди, анан уйлары көп ири фермерлерди камтыдык. Сүт багытындагы мал чарбачылыгын активдүү бизнес катары көргөндөр менен активдүү иштешкендерди чакырдык. Анан албетте, булардан кийин кайра иштетүүчү ишканалардын башын бириктирдик. 2021-жылдын аяктоочу күндөрүндө, фермерлер  жалпы ой пикирлерин, көйгөйлөрүн айтсын жалпы жыйын өткөрүп жатабыз».

Быйыл 6-октябрда Министрлер кабинети фермерлерге лизинг берүү максатында атайын токтом кабыл алган. Өкмөт тарабынан 426 млн сом «Айыл банкка» бөлүнгөн. Ал 4,5% менен 226 млн сому айыл чарба техникасына, болжолдуу 200 млн сому тамчылатып сугаруу техникаларын алууга лизингге берилет. Бул өз кезегинде сүт өндүрүүдө малдын чыт тоютун камдоодо жакшы мүмкүнчүлүк экенин фермерлер айтышат. Андан сырткары Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков 8% менен 3 жылдан бери асыл тукум малга лизинг берилип жатканын, алдыда пайызын азайтуу боюнча иш аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

«Малга лизинг берүү 3 жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргызстанга келген мал жана фермерлерге келген малдын санын көбөйтөбүз деп аракет көрүп жатабыз. Шарты 7 жылдан кем эмес болот. 8% деп жатканым бул эң чоң көрсөткүчү. Биз азыр 6%га төмөндөткөнгө аракет кылып жатабыз».

Айыл чарба министрлиги сүттүн көлөмүн көбөйтүү, уйларды жасалма жол менен уруктандыруу жана Кыргызстанга сапаты, көлөмү көп сүт бере турган уйларды сырттан алып келүү боюнча иш жүргүзүлүп жатканын билдирет.

Сокулук районундагы «Чабрец» чарбасынын башкы зоотехниги Гүлүмкан Болотова мал чарбачылыгы жаатында фермерлердин маалыматы аз экенин, ошол эле кезде министрликтин бул багыттагы иш аракеттеринен үмүт кыларын айтты.

«Мурунку жылдарга салыштырмалуу министрлик фермерлерге жакшы шарт түзгөнгө аракет кылып жатат. Өзүбүздө өндүрүм 2000 тоннага түшүп калды. Министрлик 2026-жылы өлкө боюнча 2700 т жеткиребиз деп пландап жатышат. Эми ушул деңгээлге жетиш үчүн фермерлерге маалымат жетиш керек. Биз малдын туягын санап коюп, 5 л берсе болду дейбиз. Биздин чарба 5780 л менен чыгып жатабыз. Жыл соңуна чейин 5800 л болушу мүмкүн».

Кыргызстанда пастеризацияланбаган сүттүн баасы туруктуу өсүүдө.  Улуттук статистикалык комитет ноябрь айындагы сүттүн баасы декабрь айында салыштырмалуу 10,1% өстү деп белгилеген.

Фермер Калыбек Дүйшөнов баанын мындай өсүүсүнө климаттын өзгөрүүсү, быйылкы жылдагы тоюттун аздыгы себеп болгонун айтат.

«Быйыл климаттык абал абдан кыйын болду. Чөп тартыш. Чөптү алсак баасы 450-500 сомго чыгып кетти. Бүгүнкү баанын көтөрүлгөнү карапайым элге бир чети туура болду деп айтсак болот. Шаарда жашагандарга кыйыныраак. Инфляция көтөрүлүп, кымбаттап жатат. Тең салмактап көрө турган болсок, фермердин сүтүн көтөрбөсөк, ал иштей албай калат».   

2021-жылдын январь-ноябрь айларында республика боюнча 1582,7 миң тонна сүт. Өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү быйыл 28,8 миң тоннага же  эки пайызга көбөйгөн.

Бул жылы өлкөдө жалпы 1 млн 472,3 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Адистердин пикиринде, бул көлөм өлкөнү сүт менен 100% камсыздайт.

Copyright © 2017 Maral FM