Connect with us

2021: Кыргызстанда 1862 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган

Кыска кабар | 27 Дек 2021 | 221 | 0

 

2021-жылы Кыргызстанда 1862 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөнүн аймактарында милициянын 50 көчмө кабыл алуу пункттары иштеп, жыл ичинде алар алыскы аймактарды кошкондо 6 миңден ашык сапарга чыгышкан.

Ошол эле учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери 25 миң жаран менен жолугушууларды өткөрүп, 7 миң кайрылуу жана арыздарды карашты.

Эскерте кетсек, буга чейин Ички иштер министрлиги 2021-жылдын башынан бери үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 1 миң 957 факты катталганын билдирген. Ал эми ушул эле көрсөткүч 2020-жылы 1917ни түзгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM