Биз менен байланышыңыз

БШК: Бир мандаттуу округдар боюнча 33 депутаттын тизмеси бекитилди

Кыска кабар | 27 Дек 2021 | 588 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин бир мандаттуу округдар боюнча жеңип чыккан 33 депутаттын тизмесин  расмий каттады. Бул тууралуу  БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жакында аларга сертификаттар жана атайын үлгүдөгү төш белгилер тапшырылат.

Катталгандардын тизмеси:

  1. Ажыбаев Чынгыз Ильяскожоевич — №1 Лейлек округу;
  2. Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич — №2 Баткен округу;
  3. Атажанов Ырысбек Ысламович — №3 Кадамжай округу;
  4. Бакиров Өмүрбек Мирзараимович — №4 Көк-Жар округу;
  5. Коргонбай уулу Жусупбек — №5 Ноокат округу;
  6. Нурбаев Жалолидин Паязидинович — №6 Араван округу;
  7. Осмонов Айбек Жапарович — №7 Ош округу;
  8. Алимбеков Нурбек Каарыевич — №8 Төлөйкөн округу;
  9. Матраимов Искендер Исмаилович — №9 Кара-Суу округу;
  10. Төлөнов Данияр Эрмекович — №10 Куршаб округу;
  11. Примов Улан Бердибаевич — №11 Алай округу;
  12. Сатыбалдиев Элмурза Ракиевич — №12 Өзгөн округу;
  13. Икрамов Тазабек Икрамович — №13 Сузак округу;
  14. Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич — №14 Жалал-Абад округу;
  15. Алтынбеков Айбек — №15 Базар-Коргон округу;
  16. Сыдыков Бактыбек Усенович — №16 Ноокен округу;
  17. Шакиев Нурланбек Тургунбекович — №17 Аксы округу;
  18. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич — №18 Ала-Бука округу;
  19. Сулайманов Кундузбек Кошалиевич — №19 Токтогул округу;
  20. Жумабеков Дастанбек Артисбекович — №20 Манас округу;
  21. Чойбеков Бактыбек Каныбекович — №21 Талас округу;
  22. Азыгалиев Нурланбек Асанбекович — №22 Жайыл округу;
  23. Ханжеза Карим Лемзарович — №23 Москва округу;
  24. Кенжебаев Аманкан Батырбекович — №24 Сокулук округу;
  25. Атамбаев Сеидбек Алмазбекович — №25 Аламүдүн округу;
  26. Абиров Жаныбек Болотбекович — №26 Ленин округу;
  27. Бекешев Дастан Далабаевич — №28 Октябрь округу;
  28. Таштанбеков Акбокон Дукенович — №30 Ысык-Ата округу;
  29. Самыйкожо Мирлан — №32 Кочкор шайлоо округу;
  30. Бакасов Улан Болотбекович — №33 Нарын округу;
  31. Малиев Арсланбек Касымакунович — №34 Жети-Өгүз округу;
  32. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич — №35  Ак-Суу округу;
  33. Сарбагышев Максатбек Канатбекович — №36 Ысык-Көл округу.

Белгилей кетсек, комиссия №27 Биринчи Май, №29 Свердлов округдарында «баарына каршы» добуш басымдуулук кылгандыктан, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Ал эми №31 Чүй-Кемин округу боюнча так жыйынтык чыга элек. Бул округдан эң көп добуш алган Медербек Саккараевдин Казакстандын да жараны экени тууралуу маалыматтар табылгандыктан БШК шайлоону жокко чыгарган.

Саккараевдин өкүлдөрү Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылып, алар БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапкан. Андан соң доо койгон тараптар Жогорку Сотко кассациялык даттануу жөнөтүшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM