Биз менен байланышыңыз

Ош: Гүлчө айылына 10 метрлик желек орнотулду

Кыска кабар | 27 Дек 2021 | 411 | 0

Ош облусунун Гүлчө айылынын кире беришине флагшток орнотулуп, Кыргызстандын желеги илинди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, флагштоктун узундугу 33 метр, ал эми желектин узундугу 10, туурасы 5 метрди түзөт.

Кыргызстандын туусун Гүлчө айылында жайгашкан №92843 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери салтанаттуу түрдө көтөрүштү.

Салтанатка Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жергиликтүү тургундар, аткаминерлер жана ишкерлер катышышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов аймактагы 7 райондордун кире беришине Флагштокторду орнотуу тапшырмасын берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM