Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Жаңы өрт өчүрүүчү унаалардын биринчи партиясы келди

Кыска кабар | 27 Дек 2021 | 321 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы өрт өчүрүүчү унаалардын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы 58 атайын техника алынат. Кийинки партия 2022-жылдын февраль айына чейин келиши керек.

Орусиянын өндүрүшүнөн чыккан өрт өчүрүүчү унааларды алууга Дүйнөлүк банк колдоо көрсөткөн.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жыл жыйынтык маегинде 2022-жылы министрликке атайын тик учак алуу пландалып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин Кыргызстанда 2 миң 801 өрт кырсыгы катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM