Биз менен байланышыңыз

Балатыны жасалгалоодо эмнелерди эске алуу керек?

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 758 | 0

Жаңы жылдык балатыны жасалгалоо үчүн адистердин кеңешин сиздерге сунуштайбыз:

Балатынын бутактарын дубалга жана шыпка тийгизбей, кулап кетпей турган жерге орнотуу керек;

Балатыны пахта, кагаз, синтетика сыяктуу тез күйүп кетүүчү заттар менен жасалгалоого тыюу салынат;

Электр гирляндалар заводдо жасалып, бузук болбошу керек;

Гирляндаларды тандоодо дыкат көңүл буруңуз: көчөдөгү кооздук үчүн башка, үйдү кооздоо үчүн башка болот;

Балатынын жанында шамдарды жана пиротехникалык заттарды колдонбоңуз;

Жарыктандыруучу заттарды балдардын өз алдынча күйгүзүүсүнө жол бербеңиз;

Электр гирляндасын токко сайган боюнча үйдөн чыгып кетпеңиз;

Жука айнектен жасалган оюнчуктарды алуу сунуш кылынбайт, кокус сынып кетсе, жабыр тартып калышыңыз мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM