Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын волейболчу кыздары Бангладешти жеңип алды

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 341 | 0

Волейбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Азия чемпионатында Бангладешти 3:0 менен жеңип алды. Бул тууралуу Кыргызстандын волейбол федерациясы билдирди.

Эртең кыргызстандыктар Шри-Ланканын курама командасы менен беттешет.

Белгилей кетсек, 23-28-декабрда Дакка шаарында (Бангладеш) өтүүчү турнирге алты команда – Бангладеш, Шри-Ланка, Мальдив аралдары, Өзбекстан, Непал жана Кыргызстан катышууда.

Турнирдин жобосуна ылайык, командалар бир тур менен ойношот. Биринчи жана экинчи орун алгандар финалда ойносо, үчүнчү жана төртүнчү орун алгандар коло медаль үчүн ат салышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM