Биз менен байланышыңыз

Ибрагим Жунусов элчи кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 793 | 0

Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жунусов 2018-жылдын 4-декабрында ошол кездеги өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен элчи болуп дайындалган.

«Эламан» ыры менен калың элге таанылган, Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор, профессор Ибрагим Жунусовдун саясаттагы жолу 2007-жылы башталган. Атап айтканда, ушул жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышына «Ак жол» партиясынан депутат болуп шайланган. Ал парламентте Каркыра, Үзөңгү-Кууш өңдүү жерлердин, Ысык-Көлдөгү пансионаттардын сатылышына, дагы башка ушул сыяктуу зыяндуу мыйзамдарга бийликтин партиясынан жалгыз каршы чыккан, бийликчил партиядан шайланган оппозициячыл депутат катары белгилүү болгон.

2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата журт» партиясынан депутат болуп шайланып келген. Ушул эле жылы вице-премьер-министр кызматын, 2011-жылы маданият, маалымат жана туризм министри кызматтарын аркалаган.

2014-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси, 2018-жылдан ушул күнгө чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматында иштеп турду.

2020-жылы кызматынан убактылуу четтеп, жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан, быйыл 28-ноябрда өткөн шайлоодо «Азаттык» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM