Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясы келди

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 465 | 0

Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясы келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Министрлер кабинети жүк ташуучу 100 вагон сатып алуу чечимин чыгарган.

«Бүгүн биз вагондордун биринчи партиясын тосуп жатабыз, алар маанилүү роль ойнойт. Маалым болгондой, ишканада көптөн бери темир жолдун запасы жаңылана элек», — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев.

Ал жакынкы жылдарда ири реформалар жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Айта кетсек, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун, «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолун куруу боюнча долбоорлор иштелип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM