Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик билим берүү жана санариптештирүү үчүн Кыргызстанга 19,4 млн евро бөлдү

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 305 | 0

Европа Биримдиги билим берүү жана санариптештирүүнү колдоо үчүн Кыргызстанга 19,4 миллион евро бөлдү. Бул тууралуу уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Бул программанын максаты Жогорку Технопарктагы санариптик көндүмдөрдүн инновациялык борборунун ишин колдоо, өлкөнүн бардык аймактарына калкка электрондук кызмат көрсөткөн Sanarip-Aimak/Digital Aimak системасын ишке киргизүү, өлкөнүн киберкоопсуздугун сактоо, жеке маалыматтарын коргоо болуп саналат.

Стратегиянын алкагында билим берүүнүн сапатын жана окуучуларды баалоо системасын жакшыртуу чаралары да көрүлүп, тармакты башкаруунун маалыматтык системасы түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM