Биз менен байланышыңыз

Түндүк Кореядагы аза күтүү: Күлкүгө да, ыйга да тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 574 | 0

Түндүк Кореяны 1994-2011-жылдары башкарган Ким Чен Ирдин каза болгонунун 10 жылдыгына карата өлкөдө 11 күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул аралыкта өлкөдө 11 күн күлүүгө жана ичимдик ичүүгө тыюу салынган.

Ким Чен Ирди эскерүү өткөн жума күнү Кумсусан Күн сарайында өтүп, ага Түндүк Кореянын учурдагы лидери Ким Чен Ын катышты.

Өлкөдө эскерүү иш-чараларынын алкагында желектер түшүрүлүп, өкмөт Ким Чен Ирдин өлүмүнүн 10 жылдыгына карата 11 күндүк аза күтүү күндөрү башталганын жарыялады.

Бул аралыкта корейлерге көчөдө күлүп жүрүүгө, ичимдик ичүүгө, ошол эле учурда туулган күн өткөрүүгө да, жакындарын жоктоого, дегеле, иш-чаралардын баарына тыюу салынат. Ал тургай бул аралыкта жакыны каза тапса, ага аза күтүп ыйлоого, аза күтүү күнү бүткөнчө жерге берүүгө да болбойт.

Аза күтүү маалында мас абалында кармалган көптөгөн адамдар камакка алынып, идеологиялык кылмышкер катары айыпталышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM