Биз менен байланышыңыз

TikTok Google платформасын артка калтырып, эң көп колдонулган социалдык тармак болду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 511 | 0

TikTok 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча эң көп колдонулган социалдык тармак. Бул тууралуу Cloudflare компаниясынын  изилдөөсүнө таянуу менен Wall Street Journal жарыялады.

Анда TikTok социалдык тармагы 2020-жылдын лидери болгон Google сайтын артка калтырып, 2021-жылдагы эң көп пайдаланылган социалдык тармак экендиги жазылган.

Компаниянын изилдөөсүнө ылайык, кыска видеолорду көрүү платформасы болгон TikTok алгач ушул жылдын февраль айында алдыңкы орунга чыгып, август айынан бери лидерликти бербей келет. Өткөн жылкы изилдөөдө аталган социалдык тармак тизмеде жетинчи орунда болгон.

Бул жылы экинчи орунда Google платформасы, андан кийинки эле орунду Facebook социалдык тармагы ээлеген.

TikTok — кытайлык ByteDance компаниясына таандык, кыска видеолорду  көрүү үчүн чыгарылган колдонмо. Ал 2018-жылы иштелип чыккан. Кытайда кыска видео көрүү сегментинде лидер болуп, ушу тапта дүйнө жүзү боюнча популярдуулукка ээ болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM