Биз менен байланышыңыз

Чечен президенти Түркияны террорчуларды колдоо боюнча айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 976 | 0

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Түркия бийлигин террорчуларды колдоп жатат деп айыптап, Тышкы иштер министрлигин Анкарага каршы дипломатиялык чараларды көрүүгө чакырды. Мындай пикирин ал Телеграм-каналына жазды.

Чеченстандын президенти террорчулардын Түркияда бейпил жүргөнүн айтып, алар Орусияны уятсыз, кыжырга тийген, чагымчыл сөздөр менен жамандоодо алсыз аялдын кейпин кийип жатканына жийиркенишпей турганын сындады.

Мындан тышкары Кадыров Орусия Түркияда террор жасаган кылмышкерлерди колдоого алып, башпаанек берерин элестете албасын белгиледи.

Ошондой эле Режеп Тайып Эрдоганды тандоо жасоого чакырды: же Түркия террорчуларды колдогон мамлекет макамын алат; болбосо Орусия менен акыйкат, артында шеги жок мамиле жасайт.

Айта кетсек, Түркиядагы сейил бактардын бирине Чеченстандын мурдагы президенти, Орусия бийлиги тарабынан террорчу катары таанылып, өлтүрүлгөн Жохар Дудаевдин ысымы ыйгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM