Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада 50 адам оору жугузуп, 41 адам айыгып чыкты

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 210 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штаб 22-декабрга карата өлкө боюнча 50 адам коронавирус жугузуп алганын маалымдады.

Булардын ичинен 18и Бишкек шаарынан, 10у Ош облусунан, 10у Жалал-Абад облусунан, бешөө Чүй облусунан, төртөө Ысык-Көл облусунан, бирөө Ош шаарынан, бирөө Нарын облусунан, бирөө Баткен облусунан катталган.

Ошол эле учурда акыркы суткада 41 бейтап илдеттен сакайып чыгып, 1 адам каза тапты.

Учурда стационарларда 295 бейтап, амбулатордук түрдө 354 бейтап дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери 184 миң 319 адам оору жугузган. Алардын ичинен 179 миң 400 адам сакайып чыкса, 2 миң 787 адам каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM