Connect with us

Эки пакистандык студентти сабап, тоноп кетишкен

Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 371 | 0

Акыркы учурда Кыргызстанда күн сайын чет элдик студенттерди тоноп, сабаган учурлар көбөйдү. Кыргызстанда билим алып жаткан студенттер бул өлкөдө өздөрүн коопсуз сезбей калды. Бул тууралуу Кыргызстандагы пакистандык студенттердин федерациясы Фейсбук баракчасына жарыялады.

Алардын айтымында, кечээ жана бүгүн эки пакистандык студентти жергиликтүү тургундар сабап, тоноп кетишкен.

«Кыргыз Өкмөтүнөн Кыргызстанда билим алып жаткан пакистандык студенттердин коопсуздугун коргоо чараларын көрүүнү суранабыз. Кыргызстанда билим алып жаткан чет элдик студенттердин санын эске алуу менен милиция бөлүмүндө англис тилинен котормочу болушу керек», — деп айтылат маалыматта.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM