Биз менен байланышыңыз

Элнура: Кыздар да учак башкара алат дегенди далилдедим

Блог | 20 Дек 2021 | 2723 | 0

Учкуч оор жана жоопкерчиликтүү кесиптердин катарын толуктайт. Буга карабастан аялдар арасында учкучтар жок эмес. Аялзаты үчүн бул кесиптин түйшүгү канчалык? Учкуч болуу үчүн кандай талаптарга жооп берүү керек? Бул жаатта Түркияда учкуч болуп эмгектенген кыргыз кызы Элнура Ураимова «Маралга» маек берди.

«Орто мектепти айылдан аяктап, Түркияга окууга келгем»

Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында туулгам. Ата-энем бир топ жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келет. Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Окууну айылдагы Төрөбай Маширапов атындагы орто мектепте бүткөм. Андан соң Стамбул университетинин коммуникация факультетине тапшыргам. Окууну аяктагандан кийин кошумча учкуч кесибине ээ болуу үчүн Eraha aviation академиясында 16 ай окудум.

«Техникага кичинемден кызыгам»

Учкуч кесиби өзүмө аябай жагат. Кичинемден техникага кызыгуум күч. Буга чейин Түркиянын учак музейлерине көп жолу баргам. Бул кесипти үйрөнүү бир топ оорчулукту жаратты. Бирок аракет кылып окусаң, анын берекесин аласың. Азырынча учак менен жалпы 200 саат учтум. Мунун арты менен Түркия мамлекетинин бир канча кооз шаарларын үстүнөн көрдүм. Учурда төмөндөгүдөй категориядагы учактарды айдайм: C-172, Tecnam P2008JL, Cessna F172M, P208, C72R, P06T

«Учак айдаган адамдын ден соолугу чың болушу керек»

Албетте, учкучтун ден соолугу бекем болушу керек. Жыл сайын белгилүү бир убакытта ден соолугуңду толук текшерүүдөн өткөрүп турасың. Ал үчүн атайын учкучтарга тийиштүү документтер да бар. Ал эми мен дайыма спорт менен машыгам: волейбол ойнойм; атайын залга барам. Дагы бир маанилүү маселе: туура тамактануу зарыл. Эгер ден соолугуңузда бир аз эле көйгөй бар болсо, анда учак башкара албайсыз. Себеби учактагы бир канча адамдын өмүрүнө жоопкерчиликти сиз аласыз.

«Биринчи жолу учак башкарганда коркуу, калтааруу сезими болгон»

Учакка биринчи жолу отурганда аябай толкундангам, ошондой эле коркуу сезими да болгон. Биз теориясын толук окуп, андан соң айдоого уруксат алганбыз. Учактын ичи менен тааныштырып баштаганда эле калтаарып калгам. Өзүмдүн кыялданган кесибимдин башталып жатканына кубангам. Учактан жерди караган сайын жаратылыш укмуштуудай көз жоосун алып, кооз көрүнөт. Бир учурда эле сүйүнүү, толкундануу, коркуу сезимдери чогуу коштоп жүрдү. Башында чакан учактар менен учуп жүргөнбүз. Кесипти канчалык жакшы билип даярдансаң, учакты ошончолук жакшы башкарасың. Жыйынтыгында стресс болуу менен үйрөнгөм. Учактын жүрүп барып, көккө көтөрүлө баштаган учуру жагат. Ошондой эле учак конуп жаткан кезде да жагымдуу ырахат пайда болот. Айрыкча, кечинде конуп жатканда сонун көрүнөт. Агайыбыз: «Бул — автоунаа эмес, учак. Автоунаанын тормозун бассаң токтоп калат, а учак андай эмес», — деп эскертет эле. Учуп баратканда аба ырайын да ойлоносуң. Кээ бир жерде аба боштуктары болот. Ошондой тоскоолдуктарды да ойлойсуң. Ал ойлор, албетте, коркуу сезимиңди ойготот. Тажрыйбаң арткан сайын коркуу, калтааруу азая баштайт.

«Кесибимдин жакшы да, жаман да жактары бар»

Кесиптин жакшы жактарынан баштайын. Ишимди сүйүп аткарам. Ар бир саатка чоң даярдык менен учам. Жакшы көргөн ишиңден тажабайсың. Өзүңө жакпаган, туура келбеген кесипте иштөөгө болбойт. Пайдалуу жагына кайрылсам, башка өлкөлөргө барасың, ал жактан жаңы адамдар менен таанышасың. Бөтөн элдин маданияты, тили, ашканасына күбө болосуң. Кызыктуу көрүнүштөр көп болот. Башкача айтканда, эл көрөсүң, жер көрөсүң. Ал эми жаман жагына токтолсом, өзүң график түзө албайсың. Компания түзүп берген график менен жашайсың, иштейсиң. Мисалы, тоюң же туулган күнүң болуп калса, жумуштан сурана албайсың дегендей. Бир компанияга ишке кирсең, сага алдын ала атайын 1 айлык план берет. Кээде сааттап учуп уктабайсың, шишип каласың. Бул дагы терс жактарынын бири болсо керек.

«Учкуч болуу аял киши үчүн оор болушу мүмкүн»

Учкуч болууда кээ бир иштер кыздар үчүн оор болуп калышы ыктымал. Биз физикалык жактан назик келебиз. Бирок бул кесиптин ээси болуу үчүн акыл менен иштөө керек. Физикалык жактан гана болбосо, аял, эркек деп бөлбөй деле койсо болот. Кыздар да бул кесипти жакшы үйрөнүп иштесе болот. Мен кыргыз кыздарынын бул кесипке көбүрөөк келгенин каалайм жана аларды чакырам. Бул ишти кыздар да кыла алат. Канчалык эмгек кылсаң, ошого жараша жыйынтыгып да көрөсүң.

«Жумуш учурунда кызыктуу окуялар көп болот»

Теорияны Стамбул шаарында окуп, практика Спарта деген шаарда өтүлөт эле. Спарта шаарынан башка шаарларга уччубуз. Бир күнү Түркиянын Каппадокия деген шаарына учуп баргам. Жетип конгондо аба ырайы бузулуп, ошол жерде калууга туура келди. Конок үйлөрдүн бирине жайгаштык. Биз атайын кие турган форма менен учабыз. Баары бизди таң калуу менен карашкан. Менин сырт келбетим түрктөргө окшобогондуктан, түшүнбөйт го деген ой менен өз алдынча сүйлөшө беришкен. Анан мен сиздерди түшүнүп жатам дегенден кийин күлүп, таң калуу менен карашкан. Учкуч кесиби тууралуу кызыгуу менен көптөгөн суроолорду беришкен. Аялдар да учкуч болот экен, башка жактан келиптир деп таң калышкан.

«Ата-энем, бир туугандарым мага ишенип, мени колдоп келишет»

Учкуч болуума эч ким каршы болгон эмес. Өзүм көп убакытка чейин ойлонуп, ушул чечимге келгем. «Ушундай оор кесипти кантип үйрөнө алам? Окууну соңуна чыгара албай калсам, ушунча мээнетим, төлөгөн акчалар текке кетип калабы?» деген ойлор тынчымды алган. Ата-энем: «Сенин колуңдан келет, оку, сени менен сыймыктанабыз», — деп дем беришкен. Үй-бүлөм мага ишенип, мени дайым колдоп келет. Ар бир баскычтан өткөн сайын алдыга умтулганга аракет кылам.

«Кыргызстанда учкуч болуп иштөө планда бар»

Ушуга чейин кыргыз кыздарынын арасынан учкуч кесибин аркалагандарды көрө элекмин. Кыргыз кыздарынын да бул кесиптин ээси болуусун каалайм. Ар бир иштин кыйынчылыгы бар. Бирок окуп, үйрөнсө болот. Мага да кыздар кайрылып, жазып жатышат. Мен сөзсүз түрдө жардам берем. Мен да сыймыктанам. Жардам берүү аркылуу мен да Кыргызстандын өнүгүшүнө салымымды кошо алам. Кыргызстанга да учуп келүүнү каалайм. Туулган жериме кайтып келип, иштөө планда бар. Ал эми Түркияга келип, учкуч болууну каалагандар мага кайрылса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM