Биз менен байланышыңыз

Парижде жаңы жылдык майрам өткөрүлбөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 788 | 0

31-декабрда Париждеги Елисей аянтында жаңы жылдык иш-чаралар өтпөйт. Мындай чечимди француз өкмөтү өлкөдөгү коронавирустук эпидемияга байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү BFMTV телеканалы мэрияга шилтеме берүү менен билдирди.

Шаардык мэрия Twitter баракчасына: «31-декабрь күнү кечинде Елисей аянтында өткөрүлө турган майрамдык иш-чаралар өкмөттүн билдирүүсүнөн кийин жана полициянын, саламаттыкты сактоо органдарынын сунушу менен токтотулду«, — деп жарыялаган.

Жума күнү Франциянын премьер-министри Жан Кастекс мекендештерин өлкөдө коронавирустук эпидемиянын бешинчи толкунуна байланыштуу майрам күндөрү массалык чогулуштардан алыс болууга үндөгөн. Андан тышкары, 31-декабрдан 1-январга караган түнү коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салып, жергиликтүү бийликти «чоң жыйындарды, фейерверктерди жана концерттерди уюштуруудан баш тартууга» чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM