Биз менен байланышыңыз

Осакадагы өрт суюктуктан келип чыкканы кабарланды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 656 | 0

17-декабрда Япониянын Осака шаарындагы психиатриялык клиникадан чыккан өрт 24 адамдын өмүрүн алды. Бийлик клиникадагы келип чыккан өрт суюктуктан улам келип чыккан деген шектенүүсүн жарыялады.

Милиция кызматкерлери 60тар чамасындагы шектүү эркек киши клиниканын күтүү бөлмөсүндөгү жылыткычтын жанына суюктук толтурулган кагаз баштык таштап кеткендигин, өрт ошол суюктуктан келип чыкканын айтууда.

Окуяга шектүү адам эс-учун жоготуп, учурда ооруканада дарыланып жатканы кабарланды.

Осака өрт өчүрүү бөлүмү өрттүн алдын алуу жана өчүрүү системаларында эч кандай кемчиликтер жок экенин билдирди.

Жергиликтүү NHK телеканалы келип чыккан өрттүн кесепетинен 24 адам каза болуп, 27 адам ооруканага жаткырылганын маалымдады.

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, окуяны «трагедиялуу» деп сыпаттады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM