Биз менен байланышыңыз

1306 буттуу жаныбар табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 534 | 0

Австралиялык илимпоздор 1306 буттуу кыркаяк таап, рекорд жаңыртты. Ал Австралиядагы кен казуучу аймактын жер астынан табылган. Бул дүйнө жүзү боюнча табылган эң көп буту бар жаныбар.

Окумуштуулардын айтымында, буга чейин дүйнөдө 750дөн ашык буту бар кыркаятын бир дагы түрү табылган эмес.

Адистер табылган жаныбардын Euillipes persephone аттуу жаңы түргө таандык экенин белгилешти. Алар буга чейин мындай түрдөн төртөөнү изилдешкен.

Изилдөөчүлөр Австралиянын Чыгыш Голдфилдс штатынын кен казган аймагынын 60 метрдей жер астынан табылган бул жаңы кыркаяктын узун, жип сымал денеси, тумшугу жана конус сымал башы бар экенин айтышат. Анын денесинин узундугу болгону 95 мм. Окумуштуулардын айтымында, бул кичинекей жандыктын буттарын саноо көп убакытты алган.

Мындан 400 миллион жыл мурда пайда болгон кыркаяктын бүгүнкү күндө 13 миңге жакын түрү бар.

Буга чейинки рекорд 750 буту бар калифорниялык Illacme plenenes кыркаяқ түрү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM