Биз менен байланышыңыз

Facebook 1500 катталуучусун жапты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 442 | 0

Facebook компаниясы 1500 аккаунтту жапканын кабарлады. Бул тууралуу ntv.com.tr сайты жарыялады. Компания билдирген малыматка ылайык, анын 50 миң колдонуучусу тыңчылык компаниялар тарабынан шпиондук иш аракеттерге кабылган.

Бул компаниялар Израил, Индия жана Түндүк Македонияда жайгашкан. Ошондой эле Кытайда дагы тыңчылык менен алектенген белгисиз топ табылганы айтылат.

«Мета» компаниясы бул компаниялар дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашуун өлкөдө жашаган миңдеген адамдарды бутага алышкандыгын жана колдонуучулардын аккаунтун бузуп кирип, ар кандай маалымат чогултууга аракет кылышканын билдирген.

Натыйжада АКШ, Жаңы Зеландия, Мексика, Гонконг жана Польшадагы колдонуучулар жабыр тартканы белгилүү болгон.

Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг октябрь айында АКШда жайгашкан социалдык тармактын гиганты Facebookтун аты Meta болуп өзгөртүлгөнүн жарыялаган. Бирок компания ичиндеги Facebook, Instagram жана WhatsApp сыяктуу социалдык тармактарынын жана байланыш тиркемелеринин өз аталыштары сакталып кала турганын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM